Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ноокат 02.04.2014 12:20

Ноокатта аймактык оорукана баш болуп, бир топ мекемелердин ажатканалары эң начар абалда

Turmush -  Ноокат шаарынын аймагындагы ажатканалардын тазалыгы талапка жооп бербейт. Мындай маалымат санэпид көзөмөл борборунун текшерүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган борбордун жетекчиси С. Токталиеванын айтымында, Ноокат шаарынын аймагындагы Базар ичинде жайгашкан ажатканалардын дээрлик көпчүлүгү анын тазылыгына көңүл бурушпайт. Мисалы, Кыргызстан, Достук кафелеринин ажатканалары жана эски Караван сарайдын жанында жайгашкан ажатканалардын ээлери ажаткананын тазалыгына, анын коопсуздугуна дагы маани беришпейт.

«Бирок ар бир адамдан 5 сомдон алып турушат. Ал гана эмес Ноокат районундагы тазалыктын үлгүсү боло турган мекеме болгон аймактык оорукананын ажатканасындагы тазалыгы баарынан эң начар жана ага бир дагы көңүл бурулбайт. «Маданият ажатканадан башталат» деген учкул сөздү эске ала турган болсок, анд шаар аймагындагы мекеме ишканалар бул маданиятты унутуп бараткандай», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×