Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.03.2014 10:00

Өзгөндө «Кара жорго» бийи боюнча сынак болуп өттү (фото)

Turmush -  Ош шаарына караштуу Өзгөн шаарынын маданият үйүндө «Кара жорго» бийи боюнча сынак уюштурулду. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Сынак жеке ишкер Болот Дыйканбаев демөөрчүлүгү менен өттү. «Сынакты уюштуруудагы максатыбыз - улуттук бийлерди, ат оюндарды ойнотуу менен жаштарды улуттук оюн, бийлерге кызыктыруу болуп саналат», - ал.

Сынакка жалпысынан 19 айыл аймак, 1 шаардан бардыгы болуп 33 команда катышып, кеч калган командалар да катталды. Жалпысынан байге фонду 100 миң сомду түздү.

IMG-20140331-WA0024

IMG-20140331-WA0025

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×