Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.03.2014 12:54

Өзгөн тарыхий мунарасы кооптуу абалда турат (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн тарыхий мунарасы көп жылдардан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй, чатырларынан, дубалдарынан сыз өтүп, кирпичтери курап калуу алдында турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Өзгөн археологиялык архитектуралык музей комплексинин башчысы Турсунбаев Авазбектин айтымында, эл аралык мааниге ээ болгон бул тарыхий күмбөздүн айланасын тосуу жана оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 4 млн сом акча каражаты керектелет.

Ал буга чейин Маданият министрлигине кайрылганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтат. Эгерде бул маселе жакынкы күндөрдө чечилбесе, Өзгөн мунарасы урап калуу алдында турат, деп кошумчалады ал.

IMG-20140317-WA0009

IMG-20140317-WA0004

IMG-20140317-WA0005

IMG-20140317-WA0006

IMG-20140317-WA0007

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×