Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.03.2014 14:25

Ак-Талаа районунда ички иштер бөлүмү тарабынан спорттук турнир өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Turmush -  Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болтурбоо жана өспүрүмдөрдү спортко тартуу максатында 9-мартта Коңорчок айыл аймагынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин спорттук залында кичи футбол, волейбол, теннис, кросско чуркоо жана шахмат оюндары боюнча окуучулар арасында мелдеш уюштурушту.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мелдешке Н.Жыргалбекова, М.Базаркулов, Э.Мейманов, Б.Календеров, И.Молдобаев атындагы орто мектептеринин окуучулары катышты.

Жалпы командалык эсеп боюнча, Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектеп биринчиликти камсыздаса, экинчиликти Кара-Бүргөн айылынын М.Базаркулов атындагы орто мектеби ээледи. Ал эми Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектеби үчүнчү орунду ээлеп, Жерге-Тал айыл аймагынын И.Молдобаев атындагы орто мектебинин энчисине төртүнчү орун туш келди.

Ошондой эле, Чолок-Кайың айылынын Б.Календеров атындагы орто мектеби бешинчи орунга татыктуу болду.

Ошентип, жеңүүчүлөргө РИИБ тарабынан акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар, баалуу белектер ыйгарылып, ал эми Коңорчок айыл өкмөтү тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Бул иш-чара башка айыл аймактарынын да мектептеринде улантылаарын Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Бермет Мамбеталиева билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×