Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 12.03.2014 18:00

Чаткалдык жаш спортчу Н.Дүйшөнкул уулу каратэ-донун wks түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатк даярданууда

Turmush -  Чаткалдык жаш спортчу Нуркамил Дүйшөнкул уулу каратэ-донун wks түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын намысын коргогону даярданууда. Ал буга чейин улуттук күрөш менен машыгып, спорттун чеберлигине талапкер болууга жетишкен.

Нуркамилдин шыгын байкаган машыктыруучусу, КР Каратэ-до федерациясынын президенти Нурдөөлөт Рысбеков бир жарым жыл мурун каратэ-донун wks түрү менен машыктыра баштаган. Нуркамилге ийгилик көп күттүрбөй эле келип, өткөн жылдын июнь айында Түркия мамлекетинде түрк тилдүү мамлекеттер арасында болуп өткөн таймашта 3-орунду багындырууга жетишти. Андан соң, ноябрь айында Кыргызстандын Кара-Балта шаарында болуп өткөн эл аралык турнирде 2-орунду ал эми, декабрь айында Жалал-Абад шаарындагы «Акшумкар» спорт клубунун эл аралык деңгээлдеги кубогунда 3-орунду багындырып, дүйнөлүк чемпионатка барууга тандоо турунда калыстардын назарына илинген.

Мындан улам үстүбүздөгү жылы Косово мамлекетинде боло турган каратэ-до боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын намысын коргоого даярданып жаткан кези.

Нуркамил азыркы кезде Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде 3-курста билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×