При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

Айыл турмушу: Чаткалдык устанын 26 миң сомго бааланган ат жабдыктарынын топтому (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын тургуну Жуман Алматов устачылык жана зергерчилик менен алектенет. Ал мындай өнөр менен алектенгенине 3 жыл болгонун аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Аз убакыттын ичинде комуз, ээр чаап, жүгөн, камчы оруп, така чаап, ошондой эле башка ат жабдыктарын жасоону толук өздөштүргөн устанын кызматын бир райондун калкы пайдаланат.

Булгаары, жип сыяктуу зарыл нерселер Чаткалда жок болгондуктан, Бишкек шаарынан алдырат. Анын бир атка жасаган жабдыктардын топтому (ээрден башкасы) 20 миң сомго бааланат. Ал эми кайыңдан жасалган ээрдин бир даанасы 6 миң сомго жетет. Уста былтыркы кышта 6 даана ээр жасап, сатканын кошумчалады.

Чаткал 0

Чаткал 2

Чаткал

Чаткал 5

Чаткал 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18495
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×