Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.03.2014 11:21

Каракол шаарында самбо күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт

Turmush -  Каракол шаарында 13-16-мартта самбо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кыргызстан самбо федерациясынын маалыматында белгиленгендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген жаш спортчулар катышат. Биринчиликти өткөрүүнүн негизги максаты - эл аралык биринчиликке катышуу үчүн атамекендин курама командасына мыкты самбистерди тандоо.

Турнир ошондой эле Каракол шаарынын 145-жылдыгына арналган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×