Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 06.03.2014 14:43

Баткен облусунун 15, Баткен шаарынын статус алганындыгынын 5 жылдыгына карата эркектер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү

Turmush -  Жакында Баткен шаарында Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15, Баткен шаарынын статус алганындыгынын 5 жылдыгына карата маркум Тажидин Таабалдиевдин жаркын элесине арналган эркектер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.

Баткен райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган мелдеш Баткен шаарынын мэри Ж.Жалаловдун демилгеси менен уюштурулуп, Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан өткөрүлдү.

Аталган бөлүмдүн башчысы Жумабай Токсобаевдин айтымында, маркум Тажидин Таабалдиев Баткендеги спорттун өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардан болгон. Бул мелдеш 20 жылдан бери райондук деңгээлде өткөрүлүп келген болсо, 10 жылдан бери мамлекеттик деңгээлде өтүүдө.

«Бүгүнкү мелдешке Баткен облусунун район-шаарларынан келишкен 24 команда катышышты. Учурдагы облусубуздагы чек ара маселелерине байланыштуу кошуна Тажик, Өзбекстандын спорт күйөрмандары катыша албай калышты. Таймаш өтө кызыктуу курч мүнөздө өтүп, 1-орунду Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү алып - 28 миң сом, 2-орунду Баткен шаары ээлеп - 15 миң сом, 3-орунду Кызыл-Кыя шаары ээлеп - 8 миң сом алды. Ал эми 4-орунду Кызыл-Кыя шаарындагы КИТЭПтен түзүлгөн командалар ээлеп - 2 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты», - деди Ж.Токсобаев.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Баткен шаардык мэриянын жергиликтүү бюджетинен берилген акчалай сыйлыктарга кошумча, демөөрчүлөр Тажидин Таабалдиевдин уулдары, жеке ишкерлер өздөрүнүн салымын кошушуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды ыйгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×