Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусу, Талас 06.03.2014 13:05

Таласта көк бөрү жана салбуурун оюндарын өткөрүүгө, жеңүүчүлөрдү сыйлоого 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн

Turmush -  Талас облусунда жалпысынан көк бөрү жана салбуурун оюндарын өткөрүүгө жана мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоого 100 миң сом акчалай каражаты бөлүнгөн.

Облустук спорт борборунун директору Чубак Карабалаев билдиргендей, бул акча КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева өзүнүнүн резервдик фондунан бөлдү.

Эске салсак, «Манас Ордо» комплексинин ат майданында Талас облусунун 70 жылдыгынын урматына жана өкмөт өкүлүнүн өтмө кубогу үчүн болгон көк бөрү боюнча мелдеш болуп өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Тема боюнча: Көк бөрү боюнча таймашта облустун кубогун Талас шаарынын командасы жеңип алды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×