Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 05.03.2014 16:02

Ошто спорттун волейбол жана баскетбол түрү боюнча мелдеш өтүүдө

Turmush -  Ош шаарында 5-6-март күндөрү спорттун волейбол жана баскетбол түрлөрү боюнча шаардык мелдеш болуп өтүүдө.

Мелдешке шаардагы мекеме, ишканалардан жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышат.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башкы адиси Фарух Сыдыков билдиргендей, 5-март күнү волейбол боюнча, ал эми 6-март күнү баскетбол боюнча мелдештин өтүүсү пландалууда.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана кубоктор менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×