Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.03.2014 09:53

Ак-Талаа РИИБи тарабынан өткөрүлгөн спорттук турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен кечээ, 3-мартта Коңорчок айыл аймагынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин спорттук залында кичи футбол, волейбол, теннис, кросско чуркоо жана шахмат оюндары боюнча окуучулар арасында мелдеш уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мелдеш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болтурбоо жана өспүрүмдөрдү спортко тартуу максатында уюштурулуп, ага Н.Жыргалбекова, М.Базаркулов, Э.Мейманов, Б.Календеров, И.Молдобаев атындагы орто мектептеринин окуучулары катышты.

Жалпы командалык эсеп боюнча, Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектеп биринчиликти камсыздаса, экинчиликти Кара-Бүргөн айылынын М.Базаркулов атындагы орто мектеби ээледи. Ал эми үчүнчүлүктү Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектеби ээлесе, Жерге-Тал айыл аймагынын И.Молдобаев атындагы орто мектебинин энчисине төртүнчү орун туш келди, ал эми Чолок-Кайың айылынын Б.Календеров атындагы орто мектеби бешинчиликте калды.

Ошентип жеңүүчүлөргө РИИБү тарабынан акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар, баалуу белектер ыйгарылса, Коңорчок айыл өкмөтү тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Бул иш-чара башка айыл аймактарынын да мектептеринде улантылаарын Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Бермет Мамбеталиева билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×