Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.03.2014 15:19

Жети-Өгүз районундагы Садык Сыдыков мектебинде спорт зал ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Садык Сыдыков мектебинин спорт залынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жети-Өгүз районунун Садык Сыдыков атындагы мектептин спорт залынын полунун тактайы чирип, дене тарбия сабагын өткөрүүгө мүмкүндүк болбой калган. Мектептин администрациясы «Кумтөр» компаниясына спорт залдын оӊдоп-түзөө иштерине каражат бөлүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Компания макул болуп, мектепке 1 млн 800миӊ сом каражат бөлгөн.

Учурда мектептин спорт залы оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, машыктырууулар үчүн бөлмө, эки кийим которуучу, жуунучу жай, 2 даараткана курулуп ишке берилди.

Салтанатка келишкен мектеп жамааты, окуучулар, айыл тургундары спорт залдын курулушуна көмөк көрсөткөн «Кумтөр» ишканасына курулушчуларга ыраазылык билдиришти. Мектептеги ушул спорт залдан мыкты спортчулар өсүп чыгышсын деген тилектерин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×