Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Баткен 28.02.2014 18:15

Баткенде түштүк аймагынан барган курама командалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өтүүдө

Turmush -  Баткен шаарынын борбордук стадионунда 27-28-февраль күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларынан барган курама командалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.

Мелдеш Баткен шаарында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдө өзгөчө салым кошкон Тажидин Табалдиевдин элесине арналып, мелдешти өткөрүүнүн максаты - волейболду өнүктүрүү, достукту бекемдөө, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жумабай Токсобаевдин айтымында, жалпысынан бул мелдешке 22 команда катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×