Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.02.2014 12:47

Ат-Башы районунда мекеме кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда мекеме кызматкерлер аралык спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Асылбек Осмоналиев билдирди, деп кабарлайт «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Мелдеш кышкы мезгилге карабай ден соолукту чындоо жаатында уюштурулган. Мелдешти Ат-Башы райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматы менен райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү биргеликте уюштуруп, жарышка 9 курама команда катышты.
Натыйжада 1-орунду Ат-Башы райондук мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы алса, 2-орунду Ат-Башы РИИБи алды, ал эми 3-орунду Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасы алган. Жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары менен дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×