Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 26.02.2014 08:52

Жумгалда улуттук ат оюндары өтүп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кыш мезгилине карабай улуттук ат оюндары болуп келет. Бул тууралуу Жумгал ат оюндар федерациясынын жетекчиси Нурлан Шамырканов билдирди деп кабарлады «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Алсак, жыл башынан башталган демилгенин аркасы менен Ата Мекенди коргоо күнүнө карата райондун Чоң-Дөбө айыл аймагында кунан чабыш улуттук ат оюну болуп өттү.

Кунан чабышка Жумгал, Куйручук, Чоң-Дөбө, Лама, Чаек аймактарынан кунандар келип катышты. Ошондой эле, бул күндөрү айыл аймактар арасында көк-бөрү оюну 4 айыл өкмөт арасында улантылды.

8 чакырым аралыкка жалпы 16 кунан катышып, 1-орунга Куйручук айылынан Акыл Сагындыковдун кунаны келип 9 миң сом, 2-орунга Жумгал айылынан Кубан Карымшаковдун кунаны 5 миң сом жана 3-орунга Куйручук айылынан Ырыс Кадырбековдун кунаны келип 2 миң сом байге алышты.

Андан тышкары баалуу белектер жана сыйлоо баракчалары ыйгарылды.

«Кийинки ат оюнунун кезеги 5-мартта Куйручук айылында жана нооруз майрамына карата 20-мартта Чаек айыл аймагынын Жаман-Талаа ат майданында райондук мелдеш өткөнү турат», - дейт Н.Шамырканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×