Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.02.2014 17:37

Жумгалда «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» ураанынын алдында спорттук мелдештер өттү (фото)

Turmush -  Жумгалда «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген девиздин алдында спорттук футбол жана шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылында «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген девиздин алдында спорттук футбол жана шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган айылдан Нуркожо уулу Айбек билдирди, деп кабарлады «Баракелденин» аймактык кабарчысы.
Оюнчулардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо «Катаган жаштар» коомунун мүчөлөрүнүн демөөрчүлүгү астында уюштурулуп, акчалай сыйлыктар тапшырылган.
Мелдештин соңунда майрамдык маанай тартуулоо максатында «Катаган жаштар коому» тарабынан майрамдык сый тамак уюштурулуп, спортко кызыккандарга ийгиликтер айтылды.

Эр жигит

Эр жигит2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×