Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуМанас району 20.02.2014 12:36

Өткөн жылы Манас районунда жалпы наркы 49 млн 398 миң сомдук 5 спорт комплекстери курулуп, пайдаланууга берилди

Turmush -  Өткөн жылы Манас районунда жалпы наркы 49 млн 398 миң сомдук 5 спорт комплекстери курулуп, пайдаланууга берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы - акимдин орун басары Тамара Жолдошеванын айтымында, бул спорт комплекстерди куруп, пайдаланууга берүүдө мамлекеттик бюджеттен тышкары түрткү берүүчү гранттардын, АРИС программасынын жана элдин өзүнүн жеке каражаттары да тартылган.

Ошентип аталган райондун Кеңеш, Жийде, Бала-Саруу, Кара-Арча, Манас айылдарынын жаштары жаңы курулган типтүү, заманбап спорт комплекстерде спорттук машыгууларды жана спорттук мелдештерди өткөрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×