Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 20.02.2014 11:06

Оштогу студент спортчулар Бишкекте өтүүчү универсиадага катышуу үчүн жөнөп кетти

Turmush -  Ошто студент спортчулары Бишкек шаарында республикадагы окуу жайларадын арасында өткөрүлүүчү универсиада спорттук оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул туурасында Оштогу окуу жайлардын биринин басма сөз катчысы билдирди.

Буга чейин болуп өткөн мелдеш спорттун волейбол жана башка түрлөрү боюнча 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата, Ош шаарындагы ишкана-мекеме жана жогорку окуу жайлардын арасында шаардык спорт комитетинин демилгеси менен уюштурулган.

Жогорку окуу жайдын курама командасы шаардык спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×