Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу 19.02.2014 12:43

Талас облусунун көк-бөрүчүлөр командасы Нооруз майрамына карата мелдешке катышуу үчүн Бишкекке 3-мартта келет

Turmush -  Талас облустук Көк-Бөрү федерациясынын президенти Таласбек Бегалиевдин айтымында, жакындаталастык көк-бөрүчүлөр командасы Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата өткөрүлө турган мелдешке катышат.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, учурда алар даярдык көрүшүүдө.

Талас облусунда келе жаткан 23-февраль майрамда улакчыларга акыркы тандоо сынагынан өтүшөт. 3-марттан баштап алар Бишкек шаарына келип, 21-мартка чейин машыгууну улантышат.

Тема боюнча: Көк-бөрү боюнча республикалык мелдешке Талас облустук улакчылар командасы тандалып жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×