Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.02.2014 09:35

Жумгалдын Таш-Дөбө айылында спорттун дзю-до түрү боюнча күч сынашуу болду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында дзю-до күрөшү боюча машыккан балдар арасында өз ара күч сынашуу болуп өттү. Бул тууралуу аймактан Нуркожо уулу Айбек билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Мелдешке айылдын ардактуу атуулу Мусаев Мырзабек Ибраимович үй-бүлөсү менен келип, балдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында күрөшкөн балдарга демөөрчү болуп, алдыңкы 1-2-3-орунду камсыз кылган спорттун жаш сүйүүчүлөрүнө акчалай байге койгон.

«Спорт - бул ден соолуктун булагы», бардыгыңарга чың ден соолук, спорттогу жетишкендиктер, окуудагы ийгиликтерди каалайм. Ушуну менен эле чектелип калбастан катарыңар мындан да көбөйсүн, силерден келечекте мен көптү үмүттөнөм. Былтыркыга салыштырмалуу тажрыйбаңар артып, денеңер чыналып, боюңар өсүп, чыныгы мушкерлерге окшошуп абдан кубанттыңар. Кудай буюрса, бүгүнкү күн менен эле чектелип калбастан ар дайым мен силер мененмин», - деди ал.

SAM_4212~1

SAM_4238~1

SAM_4258~1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×