Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.02.2014 12:27

Жалал-Абадда ооганчылардын 25 жылдыгына жана Финансы полициясынын 21 жылдык мааракесине карата кичи-футбол мелдеши өткөрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 15-февраль күнү Ооган жергесинен Советтик армиянын чыгарылышынын 25 жылдыгына жана Финансы полициясынын түзүлгөнүнүн 21 жылдык майрамына карата «Кичи-футбол» спорту боюнча чоң мелдеш болуп өттү.

Бул мелдеш «Мекеним менин - Кыргызстан!» аттуу чоң профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Спорт - кылмыштуулукка, коррупцияга каршы!» деген ураандын астында уюштурулган.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, демилгени Жалал-Абад облустук Финансы полициясынын башчысы полковник Марат Мусаев көтөрүп, облустун укук коргоо органдары колдошуп, Жалал-Абад облусунун футбол федерациясы тарабынан уюштурулду.

Бул мелдешке «Байэл» соода борбору демөөрчүлүк кылды.

Спорттук мелдешке облустун укук коргоо органдарынан, мекеме-ишканалардан, айыл округдарынан жана Ош шаарынын эң күчтүү 25 команда катышты.

Жыйынтыгында, Жалал-Абад ОИИБнын «Динамо» курама командасы 1-орунду камсыз кылып, 50 миң сом акчалай сыйлык, кубок, 1-даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышса, 2-орунду камсыз кылган облустук бажы башкармалыгынын курама командасы 30 миң сом акчалай сыйлык, 2-даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышты. Ал эми 3-орунду Базар-Коргон РИИБнин курама командасы камсыз кылып, 20 миң сом акчалай сыйлык, 3-даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Мындан сырткары мыкты оюнчулар, мыкты калыстар акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×