Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.02.2014 13:11

Каракол шаарында көркөм муз тебүү боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Каракол шаарында облусттук жаштар кеӊешинин демилгеси менен кышкы фестиваль уюштурулуп, мектеп окуучулары арасында көркөм муз тебүү боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шаардагы муз аянтында өткөн бул фестиваль Каракол шаарынын түзүлгөндүгүнүн 125 жылдыгына арналды.

Көркөм муз тебүү боюнча ат салышууга облустун район-шаарларынан келген 12 улан-кыздар катышты. Мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен жаш спортчуларга облусттук жаштар кеӊеши тарабынан уюлдук телефон жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×