Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 15.02.2014 12:39

Ошто бир сутка ичинде 26 айдоочу кармалды

Turmush -  Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын ички коопсуздук кызматы тарабынан айнегин караңгылаткан унааларга карата уюштурулган рейддин жүрүшүндө бир сутка ичинде 26 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирген.

«Кармалган унаалардын айнектери караңгылатылып, мамлекеттик номурлары жок болгондуктан жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын атайын гаражына киргизилди», - деди З.Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×