Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.02.2014 17:38

Караколдо Ооганчылардын 25 жылдыгына арналган самбо боюнча облустук мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Караколдо советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган самбо боюнча облустук деңгээлде мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке 12 командадан турган 200 жаш балбан катышып, биринчилик үчүн ат салышты.

Жеӊүүчүлөргө мэрия тарабынан медалдар, дипломдор, чакан белектер тапшырылды. Мелдешке чакырылган ардагерлер спортчулар менен жолугуп, өздөрүнүн согуштагы баштан кечирлен окуяларын айтып беришти жана спортчуларга ийгилик каалап, мекенчил болууга, эли жерин коргоого даяр болууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×