Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусу 14.02.2014 09:31

Нарында улуттук спорт боюнча атайын класс ачылат

Turmush -  Кечээ, 13-февралда өкмөттүн Нарын облсунудагы өкүлү Аманбай Кайыпов иш кеңсесинде

КРнын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун жетекчиси Алмаз Касенов жана республикалык адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин жетекчиси Кадырбек Эргешов менен жолугушуу жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн статс-катчысы Барктабас Белеков аймактык кабарчыга билдирген.

Аталган жолугушууда тараптар эки маселенин өңүтүндө баарлашуу жүргүздү.

«Нарын шаарындагы жатак мектеп лицейинде күрөш спортунун түрлөрү боюнча атайын класс ачуу керек деген маселе каралды. Натыйжада облустан тандалган 25 улан кыздар жатак мектепте туруктуу жашап жана окуу менен бирге күрөштүн түрлөрү боюнча машыгышмакчы. Мында жергиликтүү бийлик уюштуруу маселелерин чечип берүүгө көмөктөшмөй болду», - деди Б.Белеков.

Ошону менен катар 2017-жылы Нарында өтө турган «Манас оюндары» боюнча да сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ага карата даярдыктарды көрүү жагы талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×