Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Чүй облусу, Токмок 13.02.2014 09:34

Токмок шаарындагы билим берүү мекемелеринде өрт чыкты

Turmush -  ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй районунун Токмок шаарындагы Пушкин көчөсү, 129 дареги боюнча жайгашкан № 23 окуу лицейинин спорт залында аянты 28 чарчы метр жыгач полу, шкаф, терезе күйүп кетти.

Өрт тиричилик электр шаймандарын (жылыткыч) колдонууда эреженин бузулушунан келип чыккандыгы аныкталды.

Ошондой эле, ушул эле көчөдө орун алган № 4 орто мектептин аймагындагы кампада 1 чарчы метр жыгач полу күйүп кетти. Мындагы өрттүн себеби от менен болгон этиятсыздык деп белгиленүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×