Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Баткен облусу, Айдаркен 12.02.2014 17:32

Айдаркенде чек ара айылдарда мал уурдалып, коңшу мамлекетке өтүп кетип жатканы оор маселе жаратууда

Turmush -  Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Айдаркен шаарында 12-февраль күнү милиция кызматкерлери шаар тургундары менен жолугушту. Бул туурасында Кадамжай РИИБнин коомдук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Замирбек Камалов билдирди.

Анын сөзү боюнча, ар бир айылдык кеңеште ушундай жолугушуулар өткөрүлуп турат, анда жергиликтүү милиция кызматкерлери айыл тургундарына айылдык кеңештеги мыйзам бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жасалаган иштер боюнча маалымат беришти.

Жолугушууларда айыл тургундары чек ара айылдарда мал уурдалып, аны коңшу мамлекетке алып кетип жаткандыгына байланыштуу маселе оорлошуп жаткандыгын айтышты.

Ошондой эле жолугушууда жаштар менен иштөө маселеси да козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×