Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2014 15:55

Жумгал районунда мектеп окуучулары арасында хоккей оюну болот

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы орто мектептердин окуучуларынын арасында хоккей оюну боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Жумгал райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Самара Мамышова билдирди, деп кабарлады «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Анын берген маалыматына карасак, 15-февраль күнү райондун орто мектептеринин окуучулары арасында мелдеш өтөт. Окуучулар арасында хоккей оюну боюнча өтө турган мелдешке Нарын облусунун мурдагы губернатору Канат Муратбеков демөөрчү болуп, оюндун байгесине 25 миң сом көмөк көрсөткөн.

Мелдешке 10го чукул команда катышып күч сынашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×