Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.02.2014 14:05

Балыкчы шаарында Ооган согушунун курмандыгы Ж.Жумакадыровдун жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өткөрүлдү

Turmush -  Балыкчы шаарында Ооган согушунда интернационалдык милдетин аткарып жүрүп баатырларча курман болгон Жумабек Жумакадыровдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке республиканын ар кайсы облустарынан келишкен спортчулар катышты. Бул мелдеште 18 волейбол командалары ат салышты. Үч күнгө созулган мелдеш курч маанайда өтүп, мыкты командалар аныкталды. Уюштуруучулар тарабынан грамоталар, байгелер мыктылардын мыктыларына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×