Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу 12.02.2014 12:45

Республикалык спорт мелдештеринде баткендик спортчулар 20 алтын, 25 күмүш, 35 коло медалдарга ээ болуп кайтышты

Turmush -  Жакында Бишкек шаарында Республикалык спорт мелдештери болуп өттү. Ага Баткенден да спорт чеберлери оор атлетика, бокс, тайфунден, улуттук күрөш жана башка спорт түрлөрү боюнча катышышты.

Баткен райондук мамадминистрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынтыгында баткендик спортчулар 20 алтын, 25 күмүш, 35 коло медалдарга ээ болуп кайтышты.

Республикалык оор атлетика боюнча Баткен шаарынын спортчу кыздары 2-орунду камсыз кылышкан болсо, ал эми бокс боюнча Кыргызстандын желегин желбиреткен Сулайманбек уулу Акжол 1-орунду камсыз кылды. Баткен шаарынын мэри Ж.Жалалов Акжолго Баткендин намысын коргоп, Кыргызстандын желегин желбиреткендиги үчүн диплом, кубок жана акчалай сыйлык тапшырып, келечекте мыкты спортчулардан болушун тилеп, ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×