Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусуНоокат району 12.02.2014 09:37

Ноокат райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун 3 мүчөсү шайланды

Turmush -  Кечээ, 11-февралдаОш облусунун Ноокат районунда жергиликтүү кеңештин сессияcы болуп, анда кеңештин кошмо жыйынынын төрагасын тандап алуу менен президиумдун мүчөлөрүн шайлашты.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы З.Мамасадыков билдиргендей, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынан типтүү регламентинин жобосуна ылайык алдыңкы көп добуш алган үч талапкер Г.Абдуллаев, Н.Баймуратов, Ч.Тешебаев жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумуна шайланышты.

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын типтүү регламентинин жобосуна негиз, президиумга шайланган 3 талапкер чүчү кулак тартуу жолу менен Г.Абдуллаев жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы болуп шайланды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ноокат районундагы жергиликтүү кеңештерде 343 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×