Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Нарын облусу 27.01.2014 11:50

Нарын облусунда каржы полициясы тарабынан 31 кылмыш иши козголгон

Turmush -  Өткөн жылы КРнын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (каржы полициясы) Нарын облустук бөлүмү 57 ишти кароого алынып, 31не кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу бөлүмдүн жетекчиси Мирлан Осмоналиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

М.Осмоналиевдин айтымында, кылмыш иштердин 20сын Ысык-Көл ЭКККнын тергөө тобу, ал эми 11 кылмыш ишти иликтөө прокуратура органдары менен бирдикте ишке ашты. «Жыйынтыгында 11,622 миң сомдук материалдык зыяндар келтирилгендиги айкындалып, анын 5 миллион 914 миң сому казына аркылуу мамлекеттик бюджетке кайтарылды», - деп билдирди М.Осмоналиев.

Кошумчалай кетсек, аталган бөлүм тарабынан 2012-жылдын 6 айында 10 кылмыш ишин козгоп, 1,015 миң сомду мамлекетке кайтарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×