Turmush — «Кыргызстан» партиясындай бир да партия өндүрүш менен өнөр жай тармагына салым кошкон жок. Бул тууралуу «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
«Азыр көп партиялар айлыкты, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтөбүз деп айтып жатышат. Бирок мен айтып коеюн, экономикабыз өспөсө мунун баары куру убада болуп калат. Ооба, баарыбыз эле социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү керек деп жакшы эле ниеттенип жатабыз. Бирок өлкөнүн бюджетинде акча жок болсо, анча акчаны кантип төлөп беребиз? Демек, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Экономиканын эң эле өзөгү – бул өндүрүш менен өнөр жай. Мына, азыр шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинен «Кыргызстан» партиясындай бир да партия өндүрүш жана өнөр жай тармагына салым кошкон жок. Биздин партиялаштар өлкө боюнча жалпы 100 ишкана куруп, 5 миң жумуш ордун түзүштү. 5 миң адам Россияга же Казакстанга кетпей, өзүнүн мекенинде үй-бүлөсүн багып жатат», – деди партия лидери.
Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты. Андан соң тургундар «Кыргызстан» партиясын колдой турганын айтышып, ак батасын беришти.
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 28-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).