Turmush —
Ош мамлекеттик университети өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жакындан жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
«Бүгүнкү эпидемиологиялык кырдаалда өлкөбүздөгү бейтапканаларда орундардын жана медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. ОшМУда эмгектенген дарыгерлер да өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта туруп, элибизге кызмат көрсөтүп жатышат.
ОшМУда эмгектенген 30дан ашуун дарыгер Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы обсервацияларда, 20дан ашуун дарыгер изоляцияларда, 30дай дарыгер кабыл алуу пункттарында, ыкчам штабдарда, 300дөн ашуун дарыгер түрдүү медициналык мекемелерде иштеп жатышат. Ошондой эле ОшМУнун 6 студенттик жатаканасы, бир медициналык клиникасы март айынан бери обсервация катары пайдаланылып келди. Бүгүнкү күндө медициналык клиника толугу менен коронавируска кабылгандарды дарылоочу 40 орундуу бейтапкананын функциясын аткарып жатат.
Эми университеттин жетекчилиги ОшМУнун 5 жатаканасын коронавируска кабылгандарды дарылоочу стационардык бейтапкана катары кайра түзүүнү колго алып, бейтаптар үчүн шарттарды түзүү иштерин жүргүздү. Учурда 500 орундуу бейтапкана даярдалып, ал жакта иштегенге ОшМУдан окутуучулар, ординаторлор, студенттер тартылды. Бүгүн, 7-июлдан тартып бул бейтапкана шаардагы оорулууларды кабыл алып баштайт.
Шаарыбыздагы жана облустун аймактык бейтапканаларындагы медициналык адистердин жетишсиздигин чечүүгө жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде медициналык адистердин резервдик тизмеси түзүлдү. Бул тизмеге 35 врач-окутуучу, 120 ординатор, 70 медицина факультетинин 6-курсунун студенттери, 10 медайым жазылды. Алар үчүн ОшМУ 6-июлдан тартып илдетке каршы күрөшүү боюнча кесиптик квалификациясын жогорулатуу вебинарларын уюштуруп баштады.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ОшМУда эмгектенип жаткан бардык медициналык квалификациясы бар кызматкерлер үчүн оорууга каршы күрөшүү боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу вебинарлары мындан ары да уюштурулуп, өлкөбүздө жаралган оор кырдаалга байланыштуу маселелерди чечүүгө кадрдык, материалдык жана моралдык жардамдарды көрсөтүү улана бере турганын айтты.
Ошондой эле “ОшМУнун калың жамааты атайын электрондук капчыктарды уюштуруп, ага колдон келген акчалай жардамдарын которуп башташты. Бул чогулган акчага Ош шаарындагы Covid-19 вирусу менен ооругандарды дарылап жаткан мекемелерге кычкылтек концентраторлорун сатып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жакынкы күндөрдө бул аппаратка муктаждык жогору болгон бейтапканаларга берилет», - дейт айтылат маалыматта.