Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Ноокаттагы шахтадан табылган маркумдун өздүгү жана каяктан келгени аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районундагы иштебей турган шахтадан жансыз денеси табылган жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Маркум Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1982-жылы туулган тургуну К.А. экени аныкталып, туугандарына кабар берилген. Ал буга чейин 3 жолу соттолуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп чыккан.

Буга чейин Turmush басылмасы 28-июнь күнү Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген участкасындагы шахтада эркек кишинин жансыз денеси табылганын жазган.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурдин Мадумаровдун айтымында, маркум таанылбай калган.

«Негизи ал жакта жашаган жашоочулар Кызыл-Кыянын тургундары, жер бизге карайт. Ал жактагы шахталарды толугу менен жапканбыз. Маркум качан, кантип ал жакка барып калганын билбейбиз. Шахтада электр жарыгы да жок болчу. Жергиликтүү тургундар сөөгүн таап, кабарлашкан. Ал киши башка жактан келиптир, тааныбай жатышат. Сөөгү көпкө туруп калгандыктан жыттанып кеткен», - деген Н.Мадумаров.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы маркум газга ууланып каза болгонун билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×