Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Тоң районундагы унаа кырсыктан 1 аял, 1 жаш бала каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 30-июнь күнү Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесиндеги унаа кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, «УАЗдын» айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркады. Куткаруучулар каза болгон адамдардын денесин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×