Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Жумгалдагы кесиптештеримдин сөөгүн таап алам деп эч ойлогон эмесмин, - куткаруучу Н.Түркбаев

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын тургуну Нурлан Түркбаев райондук өрт куткаруу кызматында эмгектенип келет.

Ал 1989-жылы 6-октябрда Чаек айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң 2010-жылдын март айынан тартып Жумгал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын №43 кесиптештирилген өрт өчүрүүчү бөлүктө өрт өчүрүүчү болуп иштеп баштаган. 2013-жылы бөлүмчөнүн командири кызматына которулган.

Эки кесиптешим жан беришти

2014-жылдын 10-сентябрь күнү кечке маал саат 18:30 чамасында Арал айылындагы Каныш капчыгайында өрт катталды деген маалымат түшүп, ошол замат айгай көтөрүлүп, өрт чыккан аймакка бет алдык. Барсак тоодогу чөптөр, бадалдар, арчалар өрттөнүп жаткан экен. Жетекчибиз Уланбек Алманбетов тарабынан өрт коопсуздук боюнча эрежелер тууралуу нускамалар өтүлүп, кызматкерлер топ-топко бөлүнүп, өрттү өчүрүп баштадык. Бир маалда шамал башталып, өрт күчөгөндө баарыбыз тең тоого чыгууга туура келди. Ыраматылык кесиптештерибиз Алтынбек Дүйшөналиев менен Абас Ырыскул уулу кечиккенинен баарыбыз издеп баштадык. Экөө тең өрттүн курчоосунда калып жан беришиптир. Мындай тилсиз жоонун айынан кесиптештерим Алтынбек Дүйшөналиев менен Ырыскул уулу Абастан айрылып калам деп эч ойлобоптурмун. Экөө тилсиз жоо менен алпурушабыз деп жатып баатырларча курман болушту. Ушундай тилсиз жоолор өлкөбүздө эч качан болбосо экен деп тилеп келем.

Көчкүнүн алдында калган киши

2015-жылдын 15-ноябрында Миң-Куш айылынын Зындан участкасында кар көчкүдө калган 1 адамды издөө иштерине бардык. Кар көчкү түшкөн жер алыс жана автоунаа бара албагандыктан 10 саат карды жиреп жөө басып барууга туура келди. Эки сутка тынбай тескейде түшкөн кар көчкүнү кертип күрөп, үчүнчү сутка дегенде араңдан зорго кар көчкүнүн астында калган адамдын жансыз денесин таап, туугандарына өткөрүп бергенбиз. Ал жерде түнкүсүн жатканга ылайыктуу жер, ичкенге суу жок болгондуктан карды идишке ээритип ичүүгө туура келди. Жаныбызга алып барган азык-түлүгүбүз түгөнүп, бутубуз суу болуп, үшүгөн күндөр дагы деле эсимден кетпейт.

Мен сыймыктанган кесип

Куткаруучу деген көп кырдуу адам болушу керек. Кандай гана кырсыктар болбосун бардыгына жетишип, жардамга муктаж жарандарга жардамыбызды көрсөткөнгө аракет кылуубуз зарыл. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Жумгал району тоолуу аймак болгондуктан бизде кар көчкү, сел, өрт кырсыктары көп болот. Бирге иш алып барган жамаатыбыз менен болгон кырсыктардын кесепеттерин жойгонго аракет кылабыз. Көбүнчө бирге иш алып барган, көп жылдан бери иштеп келген улуу агалардан көп тажрыйба алабыз. Алардын ар бир айткан кеңештери биз үчүн чоң сабак. Өзүмдүн жумушум боюнча айта кетсем, бизде Жумгал району боюнча отузга чукул кызматкер иштейбиз. Жамаатыбыз жакшы, ынтымактуу. Жумушка эртең менен саат 08:00дө келебиз. Бөлүктөгү өрт өчүрүүчү жана авариялык куткаруу автоунаасындагы шаймандарды өткөрүп алабыз. Андан кийин бөлүктөгү кароол башчы, офицердик курамдар ар кайсы тармактар боюнча нускамаларды өтүшөт. Анткени кандай гана кырдаалга кабылба, ошол учурдан чыгуу же элди куткарып калууда ар бир өтүлгөн сабак бизге маанилүү. Шаймандар менен бөлүктө ар кандай көнүгүүлөрдү жасайбыз. Бош убакта дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайбыз, футбол ойнойбуз.

Мен ушул жумушта элге кызмат кылып иштегениме сыймыктанам. Өрткө же болбосо ар кандай кырсыктарга барып кызмат көрсөткөн учурларда үй ээлери рахматын айтып ыраазы болушат. Биздин кызмат ар тараптуу, өзүбүздү тобокелге салган учурлар көп кездешет. Биз эл үчүн, жарандардын амандыгы үчүн кызмат көрсөтүп келебиз. Болуп өткөн кайгылуу окуялардан улам үйгө кеч же болбосо эртеси барганга туура келет. Ата-энем, бир туугандарым ушул кызматта иштеп жатканыма каршылыгы жок. Албетте көмөк көрсөткөн учурлар көп.

Нурлан үй-бүлөдө 5 бир тууган. Өзү үй-бүлөлүү, эки кыз, 1 уулдун атасы. Бишкек технология-архитектуралык колледжин бүткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×