Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Эрежелерди так сактаган Санатбекти COVID-19 бир күндө жыкты. Бейтаптын кайрылуусу

Turmush -  Ош шаарынын 27 жаштагы тургуну Санатбек Зарипбек уулу COVID-19 илдетин жуктуруп, ооруканада дарыланууда. Ал санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактап жүргөнүн жана ооруну каяктан, кантип жуктуруп алганын билбей турганын айтты. Аны менен аймактык кабарчы маектешкен.

Өзүнүн айтымында, Санатбек оорунун алгачкы белгилерин байкаган эмес. Анын абалы кокусунан эле начарлап кеткен.

«Бул вирус мени бир күндө жыкты. Алгач симптомдору байкалган жок. Жумуштан үйгө жакшы эле баргам. Түндө дене табым көтөрүлүп, демим кысылып, алсырап, таң атканча кыйналдым. Эртең менен тез жардам кызматын чакырдык, анализ алып кетишкен. ПЧР анализден коронавирус бар экени аныкталды. 24-июнда ооруканага жаттым. Дарыгерлер “сенде вирус буга чейин жашап жүргөн, иммунитетиңди начарлатып, дароо таасир эткен” деп айтышты», - деди ал.

Санатбектин вирус менен күрөшкөн алгачкы күндөрү оор болгон.

«Абалым баштагыдан жакшырып калган болчу. Соңку эки күндө жөтөл кайра күч алды. Башында төрт күн аябай кыйналдым. Демим катуу кысылды. Күндүз алаксып анча билинбейт. Түндө дем жетпей кыйналдым. Дене табым көтөрүлүп, булчуңдарым эзилип жатты. Кургак жөтөл болуп, башым жарылып кетчүдөй ооруду. Азыр абалым туруктуу. Ооруканага жатканыма бүгүн бир жума болот», - деди Санатбек.

Ал ооруканада коронавируска чалдыккан жаш бейтаптар көп экенин айтты.

«Абалым бир аз турукташканда дарыгерлер башка бейтапканага которушту. Биринчи дарыланган ооруканада көпчүлүгү жашы улгайган, абалы оор бейтаптар болчу. Бул жактагы бейтаптардын басымдуу бөлүгү жаштар болууда. Алардын көбү коронавирустун жеңил түрүнө кабылгандар. Жанымдагы бейтаптар “даам сезбей жатабыз, денебиз ысып турат” деп айтышууда. Абалы жакшы эле.

Бет кап тагынып, антисептикти үзбөй колдончумун. Колдорумду тезден жуучумун. Үйгө барганда да колумду жуумайынча эч нерсени кармачу эмесмин. Жумуштан же сатып алган буюм-тайымдардан жугуп калган го деп ойлоп жатам. Кайсы жерден кемчилик кетиргенимди билбейм. Ошол күнү ооруканага баратып жолдо топтолгон элди көрүп, зээним кейиди. Ушуларга да жугуп калбасын деп ичимден ойлонуп бараттым. Жолдо жүргөн бет капсыз адамды көрсөм, "бет кабыңды тагын" деп айткым келди. Элге бет капсыз жүргөндөр жугузуп жатат. Адамдар кайдыгер карап, бекер кылууда. Ооруганда өкүнүп калышат. Жадакалса бирөөдөн бир кагаз алып жатканда этиятташ керек экен», - деди Санатбек.

Анын айтымында, дарыгерлер коронавирус менен ооругандарга күчтүү тамактарды сунушташат.

«Коронавирус менен ооруган адам тамакты тандабай жей берсе болот экен. Болушунча ысык, күчтүү тамактарды жеп туруу зарыл деп жатышат. Дарыгерлер суусундукту көп ичкиле деп талап кылууда. Бизге тамактарды ӨКМдин кызматкерлери бышырып келүүдө. Эртең менен сүттүү тамактар берилет. Түшкү тамак учурунда эттүү, күчтүү тамактарды беришет. Кечинде суюк тамактарды жеп жатабыз. Жакындарыбыз деле тамактарды алып келишет», - деди ал.

Санатбек Зарипбек уулу үй-бүлөлүү. Ош шаарында жубайы, кызы жана карындашы менен чогуу жашайт. Жакындарынын ПЧР-анализдеринин жыйынтыгы таза чыккан. Учурда алар үй карантинде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×