Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Күйүп калган 5 бала, мүрзөдөн чыгып калган сөөктөр: Таласта стресске кабылып, инфаркт болгон айылдыктар

Turmush -  Талас шаарынын 50 жаштагы тургуну Рано Кыязова 23 жылдан бери өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө фельдшер болуп иштеп келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жумушунда эстен кетпей калган окуялар көп болот.

«1986-жылы мектепти аяктап, Талас шаарындагы медициналык окуу жайдын фельдшер бөлүмүнө баргам. Аны аяктаган соң 8 жыл Талас облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө иштегем. 1997-жылдан тарта Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын бөлүмдөрүндө иштеп келе жатам. 2006-жылы Талас шаардык өрткө каршы жана алдын алуу бөлүмү ачылган. Ошол жылдан тарта ушул бөлүмдө фельдшер болуп иштеп келе жатам.

Биздин жумуш татаал, күн сайын унаа кырсыктарга барасың. Кан көрөсүң, адамдарга биринчи жардамга барасың. Күн-түнгө карабай чакырууга чыгасың. Жумушума аябай берилип иштейм. Колумдан жардам келип жатат деп кубанам. Кудайым жакшы жолдошко туш кылганына сүйүнөм. Кайсы жакка чакырууга чыгып кетсем да жолдошум «аман барып кел» дейт. Өзү да куткаруучу болуп иштечү. Андыктан жумушумду түшүнөт. Жумуштан алып кетип, мен жок болсом үйдө балдарды убагында карап турат. Кичүү кызымдын достору «апаң жумушка кеттиби?» деп сурашса «моя мама пошла мир спасать» деп айтат экен (күлүп).

Жумушта ар кандай кырдаалдар болот. Үйгө алып барбай, унутканга аракет кылам. Эсимден кетпеген бир нече окуялар болду. Бир нече жыл мурун Бакай-Ата районунда катуу сел жүрдү. Мүрзөдөн сөөктөр чыгып калганына күбө болдук. 2 күн ошол кырсыктын үстүндө жүрдүк. Мындай кырсыкты күтпөгөн айыл тургундарынын көбү психологиялык стресс болуп, кан басымы көтөрүлүп, инфарктка кабылганы да болду. Биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага жөнөтүп жаттым. Ушунча көп адамды тейлеп жетишүү өтө оор болгон.

Талас шаарында жүрөк ооруткан кырсык катталган. Нефтебаза өрттөндү деген чакыруу келди. Барсак ичинен куткаруучулар жаш 5 баланы алып чыгышты. Көпчүлүгүнүн денеси 60% күйүп калган. Сууга салып турушту. Тез жардам келгенче биринчи жардам көрсөттүм. Баары эле өзүн көрүп алып «эже, биз аман калабызбы?» деп сурап жатышты. Ичимден аларды көрүп жүрөгүм ооруп жатты. Жашап кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз эле. Сыртымдан «Башың аман, бутуң аман, баары жакшы болот» деп айтып жаттым. Ошол балдардын көздөрүн бүгүнкү күнгө чейин унута албайм.

Жумушта адамдар ыраазычылык айткан учурлар да көп болот. Бир жолу Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ баллон жарылды деп билдирүү түштү. Биз ал аймакка жакын жерде болгондуктан, куткаруучулардан тез жетип бардык. Үйдүн ичинде чоң апасы менен небере кызы бар экен. Чыңырыктар, жардам сураган үндөр чыгып жатты. Ичинде калып, эшикти ача албай калышыптыр. Мен барып эле эшикти сындырып кирип, экөөнү сыртка алып чыктым. Балдар келип, өрттү өчүрүштү. Бирок ошондо жетекчиликтен эскертүү алгам. Алар «техникалык коопсуздукту сактабай, өмүрүнө коркунуч жараттың» дешкен. Мен туура кабыл алгам, бирок андай учурда эч нерсени ойлобой калат экенсиң», - деди ал.

Куткаруучу-дарыгер айым 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×