Бөлүмдөр
Жума, 3-июль
Ош облусуОш 30.06.2020 20:53

Ошто соңку эки күндө 3 адамды унаа сүзүп кетти. Экөө жаш бала

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Соңку 2 күндө Ош облусунда 3 жол кырсыгы катталды. 3 учурда тең жөө жүргүнчүлөрдү унаа сүзүп кеткен. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тастыктады.

28-июнь күнү Өзгөн шаарында «КамАЗ» жүк ташуучу унаасы 1978-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ошол эле күнү Ноокат районунун Куу-Майдан (мурдагы Кызыл-Аскер) айылында «Хонда Аккорд» унаасынын айдоочусу көчөдө ойноп жүргөн 3 жаштагы баланы сүзгөн.

Ал эми 29-июнь күнү Ноокат районунун Төөлөс айылында «Форд Транзит» унаасынын айдоочусу 9 жаштагы өспүрүмдү сүзгөн.

Жабырлануучулар түрдүү жарааттар менен ооруканага түшкөн. Кырсыктан эч ким каза болгон эмес. 3 кырсык тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×