Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Жалал-Абаддагы операция жана 19 жаштагы жигиттин өкүнүчү тартылган видео

Шектүү
Шектүү

Turmush -  2020-жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан облус аймагында «Нелегал» операциясы өткөрүлдү. Бул операциянын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун И. аттуу тургуну социалдык тармакта элге «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөнү тууралуу маалымат алынган. Аталган факт Базар-Коргон РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну Д.И. элдерге «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жатканы аныкталып, анын социалдык баракчасынан алынган материалдарга диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган материалдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик агымына таандык экени аныкталган.

Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жатканын ачыктап, видеодо кайрылуу жасады. Ал «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай турганын билдирди.

Бул факт милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, «Нелегал» операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн, 30-июнда жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×