Бөлүмдөр
Жума, 3-июль
Ош облусуОш 30.06.2020 18:17

Ошто эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат, - мэр. Видео

Таалайбек Сарыбашов
Таалайбек Сарыбашов

Turmush -  Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Ал кечээ, 29-июнда санитардык талаптарды сактоо боюнча шаар тургундарына социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасады.

«Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат. Өлкөдө илдет тарап баштагандан тартып эле шаарда чектөөлөр киргизилген. Өзгөчө абал алынгандан кийин көпчүлүгүбүз ооруга кайдыгер карап, санитардык талаптарды аткарбай калдык. Коомдук жайларда бет кап тагынбай жүргөндөр көбөйдү. Ош шаарында илдетке кабылгандардын саны 700гө жакындап калды. 29-июнга карата ооругандардын саны 650 адамга жетти. Каза болгондордун саны сегизге жетти. Укук коргоо органдары, медицина кызматкерлери, мэриянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Тойлорду өткөрүүгө тыюу салынганына карабай жашыруун өткөргөндөр болуп жатат. Талаптарга баш ийбеген кафе-ресторандар, мекемелерге айып пулдар салынып жатат. Ош шаарында орундар жетиштүү, бирок алдын алуу максатында даярдалган орундар толушун каалабайбыз. Санитардык талаптарды сактагыла. Негизсиз көчөгө чыкпайлы», - деди шаар мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×