Бөлүмдөр
Жума, 3-июль
Ош облусуНоокат 30.06.2020 19:55

Ноокатта жайма базар уюштургандар жазаланууда

Turmush -  15-июндан баштап Ноокат шаарынын борбордук базарынын аймагында жайма базар уюштургандарга айып пул салынууда. Бул тууралуу Ноокат шаарынын вице-мэри Данияр Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, көчөлөрдө мыйзамсыз соода уюштургандарга, башкача айтканда белгиленбеген жерлерде уруксаты жок соода-сатык жүргүзгөн адамдарга 3000 сом айып пул салынып жатат.

«Унаа тыгынын азайтуу үчүн бетон тосмолорду орнотконбуз. Анын эки чети унаа өтүүгө гана ыңгайлашкан. Соодагерлер мыйзамсыз ошол жерге туруп алып жатышат. Бүгүн түшүндүрсөң, эртеси кайра келип алышат. Ошондуктан түндө столдорун жыйнап кетип жатабыз. Июнь айында эле 20дан ашуун соодагерге айып пул салдык», - деди Данияр Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×