Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Караколдо санитардык талаптарды одоно бузган жайлар аныкталды

Turmush -  Каракол шаарындагы рейд учурунда мэриянын, Салык кызматынын жана санэпидемстанциянын кызматкерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди одоно бузган жайлар аныкталды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы билдирди.

Аталган жайларга протоколдор түзүлүп, айып пул салынды (юридикалык жактарга 13000 сом, физикалык жактарга 3000 сом):

- ресто-бар «Барсхан», протокол түзүлдү;
- фуд-корт «Жашоо керемет», эскертүү берилди;
- «У-2» интернет клубу, протокол түзүлдү;
- «ФАЭТОН» интернет клубу, протокол түзүлдү;
- «НИКА» интернет клубу, протокол түзүлдү.

«Каракол шаардык мэриясы Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырганча массалык иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрбөө үчүн көзөмөлдү күчөттү. Соода-сатык, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине убактылуу чектөө алынганча массалык иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрбөй туруу сунушталды. Ошондой эле санитайзер, абаны тазалоочу каражаттар орнотулуп, кызматкерлерди жана кардарларды дезинфекциялык каражаттар менен камсыздоо эскертилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×