Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Нарында дарыгерлерди чакырган 10 адамдан коронавирус аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  30-июнга карата Нарын облусунда коронавирус илдетине кабылган дагы 10 адам катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарында 7, Ак-Талаа районунда 2, Кочкор районунда 1 адам катталган. Алардын баары тең дарыгерлерге өздөрү кайрылышкан. Ушуну менен облуста коронавирус илдети менен катталгандардын жалпы саны 484 адамга жетти.

Жаңы катталгандардын ичинде салык, байланыш, милициянын кызматкерлери, электр тармактарында, базарда, бейөкмөт уюмда иштегендер, мугалим, эмчи айым жана иштебей үйүндө отурган пенсионер бар.

Дарыгерлер маалымдагандай, учурда бул илдеттин белгилери жок, жеңил жана оор түрдө өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×