Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Адистердин кеңеши: А.Өмүрбек уулу сууга чөккөн адамга берилүүчү алгачкы жардамдарды айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жай мезгили сууга түшүп, эс алуу үчүн эң сонун учур. Андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишерлик билишиңиз керек. Ал кайсы эрежелер? Сууга чөккөн адамга кандай жардам көрсөтүү керек? Бул суроолорго Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысынын орун басары Адилет Өмүрбек уулу жооп берди.

­Эң биринчиден сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт. Суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүк, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска, бирок ылдам чуркаңыз. Бул учурда денеңиз жылыйт. Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасына, нымдуулукка жана шамалдын күчүнө көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт — шамалы жок 25 градус жана андан ашык температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 18 градустан баштаса болот. Эгер суунун температурасы 18 градус болсо 6-8 мүнөт сууга түшүү керек. Ал эми абанын температурасы 20 градус болсо, 10-12 мүнөт, эгерде абанын температурасы 20 градустан жогору болсо, 15 мүнөткө чейин сууга чөмүлүүгө болот.

Ал эми эс алуучу санаторий же пансионаттарда эс алуучулар тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Балдарды балдардын пляжында сууга түшүрүү керек. Анткени ал жер кырсыкты алдын алуучу зарыл каражаттар менен камсыз болгон. Эсиңиздерде болсун, балдар чоң кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат.

Пляждын территориясында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу зонтиктер курулушу керек. Пляжды ачууга куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин гана уруксат берилет. Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго жүктөлөт.

Жашы ондон ашпаган балдарды 10 мүнөттөн түшүрүп, суудан чыккан соң катарга тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети. Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чыңдоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек. Кырсыкты болтурбоо үчүн балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек.

Эсиңиздерде болсун:

- Балдар сууга уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
- Тааныш эмес, балыры көп алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
- Кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
- Үйлөмө матрастарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет. Бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
- Көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Эгер сиз кайыкта болсоңуз:

- Кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаңыз;
- Мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;
- Сууда сүзүп бара жатып бир кайыктан экинчи кайыкка отурбаңыз;
- Караңгы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбоңуз.

Эгер сиз:

- чарчап турсаңыз;
- күн өтүп кеткен болсо;
- ачкарын болсоңуз;
- суусап турган болсоңуз;
- ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсоңуз сууга түшүүдөн өзүңүздү токтотуп койгонуңуз жакшы болот.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, тынчтыкты кармоо менен өзүн өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Кырсыктын себептери кайсылар?
­

Үшүп калуу, ичиркенүү:

Ачык суу айлампаларында 15 градустан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат. Анткени бул муздактан, ичиркенүүдөн адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат.
­

Ысык уруу:

Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, кускусу келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40...+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот. Жабырлануучунун кийимин жеңилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.
­

Сууга түшүүдөгү тарамыш түйүлүү, карышуу:

Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчуңдарга күч келүүдө, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан соң сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек. Колдун манжаларын күч менен тезинен муштум кылып кысып, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп муштумду жазыңыз.
­

Биринчи жардам көрсөтүү:

Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек. Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз. Эгер жабыркаган адам аң-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат. Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарылып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек. Алар келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу-мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек. Анык чөгүп кеткенде жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басуу керек (10-15 секунд аралыгында). Андан кийин аны чалкасынан жаткыруу зарыл.

Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек:

- Колдордун жардамы менен астыңкы жаакка колду коюп ачуу;
- Санитардык сумкадагы кеңейткичтин же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсенин (кашык, таякча жана башка) жардамы менен ачуу керек.

Жакка жасалган жигердүү укалоо кээ бир учурда оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.

Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы жандандыруу иш-аракеттерин улантуу кажет. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталычыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын дем алуу органдарынын калыбына келиши анын өпкөсү толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондуктан, жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл. Жардамды тез аранын ичинде үзгүлтүксүз, ырааттуу тартиби менен көрсөтүү керектигин унутпоо зарыл.

Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач тактанын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек. Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да (уксус, нашатыр спирти) колдонсо болот.

Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.
Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт. Бардык куткаруучу жабдуулар эл көп түшкөн аймактагы щитте жайгашышы керек. Кокус кырсык болуп жаныңыздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×