Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Куткаруу иштерине тартылган өзгөчө акылдуу иттер кантип тарбияланат? Кинолог Анарбектин жообу

Turmush -  1-июль – Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматкерлеринин күнүнө карата кинолог Замирбек уулу Анарбек тууралуу макаланы жарыялайбыз. Ал эң ишеничтүү, достукка бек, асыл тукум иттердин тилин кантип табуу керектигин жана алардын ишеничине кантип кирүү керектигин айтып берди.

Анарбек Замирбек уулу 1995-жылы туулган. 5 бир туугандын улуусу. Билими жогорку. Кесиптештеринин айтымында, Анарбек мырза — жумушуна так, эч кимдин көңүлүн оорутпаган, кичи пейил, өлкө үчүн өмүрүн арнаган мекенчил жигит. Учурда Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мобилдик куткаруу отрядында кинология тобунун кинологу болуп эмгектенет. Бул тармакта эмгектенгенине 6 жыл болду.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жөнөкөй куткаруучу болуп эмгектенип, ит менен иштөөгө аябай кызыгып калдым. Кинолог болуш үчүн жөнөкөй иттерден айырмаланган өзгөчө иттер менен иштөө боюнча алгач атайын окуулардан өттүм. Ар дайым курстарга барып турабыз. Итти тарбиялоодо жаш баланы тарбиялаган сыяктуу эле өтө кылдаттык мамиле талап кылынат. Аябай тентек, сөздү укпаган, оюнкараак болушат. Мүмкүн болушунча сабырдуу болуубуз зарыл.

Буга чейин Линда аттуу ит менен иштеп калдым. Аябагандай акылдуу эле. Кырсык катталган учурда адамдарды табууга Линданын салымы зор болгон. 2015-жылы Алай районунда тоолордун арасында кар көчкүдөн улам жоголгон туристти издөө иштерине Линда дагы тартылып, чоң жардамы тийип, куткаруучулардын ишин жеңилдеткен. Азыр Линда карып, «пенсияга» кеткен. Башка адамдын колунда.

Учурда немис овчаркасын тарбиялап жатам. Каймана аты Каскад, 2,5 жашта. Жөнөкөй иттерден айырмаланып өтө сезимтал, акылдуу, көңүлү назик, адамдардын маанайын көзүнөн билип турат. Үйдө кандай көйгөй болбосун жумушка күлүп-жайнап киришим абзел. Маанайым жакшы эмес экенин билип калса таарынып, укпай, ары карап жатып алат. Каскад жаш болсо дагы кырсык болгон жерде жоголгон адамдарды издөө иштерине катышып келет. 2020-жылы 14-апрель күнү Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жоголгон 24 жаштагы баланы табууга көмөктөшүп, жардамы чоң болгон», - деди ал.

Анарбек менен Каскад машыгууга атайын убакыт бөлбөйт.

«Күнбү-түнбү, ысык-суукка карабай машыгууну өткөрө беребиз. Себеби кырсык ар кандай учурда, ар кандай шартта болуп калышы толук мүмкүн. Кызматтагы ит дайыма даяр болушу шарт. Тамагын кадимкидей эле бышырып, чени менен беребиз.

Мен өзүмдүн ата-энеме, жакын адамдарыма дагы көп жакшы сөз айтпайм. Каскадга күнүгө, саат сайын, керек болсо мүнөт сайын эркелетип, “азаматсың” деп турам. Антпесем укпай коёт. Элибизде “ит адамдын досу” деп бекеринен айтылбаптыр. Достукка ушунчалык бекем болушат. Кандай кырдаал болбосун ээсин таштап кетпейт.

Мен өзүмдүн бул жумушум менен сыймыктанам. Учурдан пайдаланып кесиптештеримди 1-июль – Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, аларга үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалайм. Эли-жерибизде тынчтык орноп, айттырбай келген кырсыктан алыс бололу», - деди Анарбек Замирбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×