Бөлүмдөр
Жума, 3-июль
Ош облусуОш 30.06.2020 17:10 Жаңыланды: 30.06.2020 17:11

ОшТУ: «Ак жол сага, бүтүрүүчү» онлайн иш-чарасы өттү

Turmush -  Кечээ, 29-июнь күнү Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Ак жол сага, бүтүрүүчү» аталышындагы иш-чара онлайн режимде Zoom программасынын жардамы менен өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияга ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов, факультеттердин декандары, профессорлор, окутуучулар, кабыл алуу комиссиясынын курамы жана институттун бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулар курамы катышты.

ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов университеттин ишмердүүлүгүнө, алдыдагы максаттарына кыскача токтолуп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, университет дайыма бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанарын билдирди. Куттуктоо сөздөрүн иш-чаранын коноктору, студенттер, кураторлор да сүйлөштү.

2019-2020-окуу жылында институтту 7 адистик боюнча 335 студент ийгиликтүү аяктап жатат. Алардын сегизи артыкчылык дипломго ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×