Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Аксынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө вирустан адам өлгөндөн кийин 3 киши ооруканага жаткырылды

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү оорукана 2 күн карантинге алынып, кайра иштей баштады.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кыялбек Абдыкаров ырастагандай, 25-июнда коронавирус аныкталган 1 адам (эркек киши) каза болуп, 3 адам ооруканага жаткырылды.

«25-июнда 1 адам каза болгон. Анын буга чейин өнөкөт оорусу бар экен деп айтылды. Ал Кош-Дөбө айыл өмөтүндөгү ооруканада дарыланып чыккан экен. Кош-Дөбөдөгү оорукана 2 күнгө карантинге жабылып, учурда кайра мурдагыдай иштеп жатат. Каза болгон жаранды жерге берүүгө атайын кийимдер менен 10 чакты адам катышты. Анын жакындарынан 3 адам ооруканага жаткырылды», - деди ал.

Буга чейин Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнөн 1 жаран коронавирустан каза болгону айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×