Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Баткен районунда аш-той өткөргөндөргө чара көрүү демилгеленди

Баткен районундагы жыйын
Баткен районундагы жыйын
// Турмуш

Turmush -  Бүгүн, 30-июнда Баткен районунда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өттү.

Акимчиликтин маалыматына караганда, анда район аймагында илдетти жайылтпоо үчүн бардык аракеттерди көрүү, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын кире беришине пост коюу, Баткен–Ош–Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдү дыкат көзөмөлгө алуу боюнча облустук штабга сунуш берүү маселеси каралды. Аким К.Маркаев айыл өкмөттүн башчыларына жана тийиштүү жетекчилерге коронавирустун жайылып кетүүсүнөн сактануу максатында аш-тойлорду убактылуу токтотуу жагын элге түшүндүрүүнү, эгер той-аштар өткөрүлө турган болсо мыйзам негизинде чара колдонулушу керектигин тапшырды.

Учурда райондун аймагында коронавирус илдетине каршы дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×